super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Муфтият: "Орозо айында топтолгон битир-садаганын суммасы аныктала элек"

 

Рамазан айында битир-садагага топтолгон каражаттын жалпы суммасы азырынча тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, битир-садаганын суммасы такталып, ушул аптанын соңунда элге жарыяланат.

"Битир-садаганы берүүгө коомчулук жылдан-жылга активдүү катышып жатат. Өткөн жылы битир-садагага 32 миллион сом чогулган болсо, 2015-жылы 31 миллион, 2014-жылы 21 миллион сомдон ашык каражат топтолгон. Анын топтолушу, бөлүштүрүлүшү атайын комиссиянын көзөмөлүндө болот. Жалпы сумманын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда калып, 20 пайызы муфтиятка кетчү. Орозо айында муфтиятка жардамга муктаж адамдардан арыздар келип түшөт. Атайын комиссия аларды категорияларга бөлүп, жалпы сумманын муфтиятка түшкөн 20 пайызын бөлүп берет. Өткөн жылы акчанын басымдуу бөлүгү гемодиализге муктаж бейтаптарга берилген", - деди Атабаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
14.07.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Муфтият гезит окуп, окурмандарынын пикирине кулак тошой баштаптыр... Бали, Аллах ыраазы болсун... Эми муфтияттагы коррупция да жоюлуп, муфтиятта отурган коррупционер имам-казы ж.б.жумуштан бошотулуп ордуна ыймандуу, Кудайдан корккондору келсе, муфтият алдыга чон кадам таштаган болот...
14.07.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун баарыбыздан.
14.07.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гемодиализ же онкология оорулууларга аппарат сатып алууга жардам берип койбойбу?
15.07.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
grace,гемодиализ сатып алуу саламаттык сактоо министрлигинин мойнунда. Аны каржылоо түздөн түз мамлекеттин мойнунда.
Дин саясатка аралашпасын деп алып, анан алганга келгенде саясат динден сурап калабы ?
Бул акчалар ар кимдин өз ыктыяры менен берилген акчалар. Налог же штраф болсо бюджетке түшө тургандай.
14.07.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 15 пайызычы?
15.07.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медресеге жаңы технологияны киргизип алышсын анча мынча акчасына. Себеби медреседе окуган балдар заманбап жашоодон бир аз артта калып жатат. Ар кандай күнүмдүк жашоого керек болгон окууларды киргизип, аларга мугалимдерди жалдасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: