АКШда селфи сүрөткө түшүп жаткан аял 200 миң долларлык экспонаттарды сындырып алган
АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы музейде селфи сүрөткө түшүп жаткан аял баасы 200 миң доллар турган экспонаттарды сындырып алган. Ошол учурда музейде Саймон Бриж аттуу сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтүп жаткан. Анда алтындан, мрамордон, жыгачтан жасалган таажылар коюлган болчу. Күтүүсүз окуядан улам 3 экспонат толугу менен сынып, калгандарынан жарака кеткен. Жалпы келтирилген чыгым 200 миң долларды түзгөн.
Айта кетсек, окуя мындан бир канча апта мурун болгон. Бирок видео көзөмөлдөөчү камерага түшүп калган тасма жакында эле тараган.
АКШда селфи сүрөткө түшүп жаткан аял экспонаттарды сындырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Толойт да аларга ал акча юрундаго ошон учун ошондой кымбат экспонат залда журотда