super.kg logo
  Саясат  

Фарид Ниязов: “Чыныбай Турсунбеков өзүн президенттикке көрсөтсө ага КСДПда орун болбойт”

 

Чыныбай Турсунбеков өзүн президенттикке көрсөтсө, ага КСДПда орун болбойт”, - деди аталган партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов. Ал мындай пикирин бүгүн, 15-июлда КСДП партиясынын XVI съездинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Фарид Ниязов буга дүйнөлүк практиканы жүйөө келтирип партия бекиткен талапкерди баары колдошу керек экенин айтты.

“Партиянын уставы, бардык мүчөлөрдү партиянын чечимин аткарууга милдеттендирет. Ал эми съезд партиялык башкаруунун башкы органы. Ким бул партиянын уставын аткарбаса, ал мүчө үчүн партияда орун жок”, - деди Фарид Ниязов.

Бүгүн улуттук филармонияда КСДП партиясынын съезди өтүп, президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: