super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 15-ИЮЛЬ: Мындан 93 жыл мурун СССРдин Эл артисти Махмуд Эсамбаев туулган

 

1924-жылы 15-июлда СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин баатыры, советтик балет бийчиси, хореограф, актёр, эл аралык бий академиясынын академиги Махмуд Эсамбаев Чечен Республикасынын чет жакасындагы Старые Атаги аттуу чечен айылында туулган. Анын улуту чечен.

1939-жылы Чечен АССРиндe Мамлекеттик ыр жана бий ансамбли уюшулуп, анда мастер болуп жаш Махмуд эмгектенген. 1944-жылы И.В.Сталиндин буйругу менен Түндүк Кавказ элдери Чыгышка депортацияланган. М.Эсамбаевдин үй-бүлөсү Кыргыз ССРине келген. 1944-жылы ноябрдан тартып Махмуд Эсамбаев Кыргыз мамлекеттик Ленин ордени опера жана балет театрына иштей баштап, "Бахчисарай фонтанында", "Кызыл мак", "Ресторандагы бий" балеттерин чоң жетишкендик менен аткарган.
Ал эми 1957-жылдан тартып мекени болгон Грозныйдагы Чечен-Ингуш филармониясында иштей баштаган. 1959-жылы М.Эсамбаев "Советтик балет жылдыздары" (12 кишиден турган) тобуна мүчө болуп, Францияга, Түштүк Америкага гастролго барып келген.
Махмуд Эсамбаев 2000-жылы 7-январда 75 жаш курагында көз жумган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: