super.kg logo
  Саясат  

Түркия президенти Эрдоган "чыккынчылардын башын алууга" убада берди

 

15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетинин 1 жылдыгына арналган митингде сүйлөгөн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "чыккынчылардын башын алууга" убада берди. Бул тууралуу түркиялык ММКлар жарыялашты.

Эрдоган өлүм жазасын киргизүүнү караган мыйзам долбоорун Түркия парламенти колдойт деген ишеничте. "Эгерде өлүм жазасы тууралуу мыйзам долбоору парламенттен өтсө, мен колдойм, өтөт деп ишенем. Биринчи кезекте чыккынчылардын башын алабыз", - деген Түркия лидери 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракетине катышкандарды катаал жаза күтүп турганын эскертти.

Буга чейин Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлүм жазасы киргизилген күндө да аны төңкөрүш аракетине шектелип кармалгандарга колдонуу мүмкүн эместигин, анткени мыйзам артка (мыйзам күчүнө киргенге чейин болгон окуяларга карата) иштебей турганын билдирген эле.

Аталган мыйзам долбоорун Түркия парламенти 17-июлда карамакчы. Колдосо, документке Эрдогандын кол коёру күтүлөт.

Эскерте кетсек, бир жыл мурун 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Куралдуу жаңжалдан 265 адам каза тапса, 1500дөй адам жаракат алып, 6000дей адам төңкөрүш жасоого шектелип камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: