"Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева каза болду
Жибек Нукеева (оңдо)
Ооруга чалдыккан кези
"Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда белгилүү болду. Маалыматтарга таянсак, модель Жибек Нукеева бүгүн көз жумган.
Рак оорусуна чалдыккан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева өз үйүндө дарыланып жаткан.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Жибек Нукеева 7 айлык кош бойлуу кезинде анын рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Балага зыяны тийбеши үчүн дарыгерлер эрте төрөтүп алышкан. Ал Израиль жана Италиядагы ооруканаларга барып, текшерүүдөн өтүп келген. Бирок дарыгерлер операция жасоодон баш тартышканы белгилүү болгон эле.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жибек Нукееванын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















эмес да
отушуп кеткенин рак дейт.
Рак экиге болунот.
1)Злокачественний
2)Доброкачественний болуп.
Доброкачественний айыгат.
Т.б.жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Жараткан куноолорун кечирип,амал китепчесин
он колунан бергенге насип этсин!(((((
Кайран кыз,омуру аз экенда.
Аллахка керек экен алып кетти.
Жакындарына сабыр тилейм.
кайрат айтам!
2015 белгилуу болдубу? Башка сайттарда 2016 деп журотго?