super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Кулжа-Алайкуу жолуна түшкөн таштардын көлөмү чоң болгондуктан, аларды жардыруу керек

 

Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун Ой-Тал айылындагы тилкесине түшкөн таштардын көлөмү өтө чоң болгондуктан, аларды жардыруу керек. Бул тууралуу 16-июлда SUPER.KG`ге Жол чарба департаментинин Бишкек-Ош унаа жолундагы №26-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бактыбек Аттокуров билдирди.

"Апрель айында кулаган таштар жолду бууп калган, дароо жолду ачуу иштерин баштаганбыз. Ал таштардын айрымдары 100 тоннадан ашык, биздин техниканын күчү жетпегендиктен чоң таштар калып калган. Бирок жолго түшкөн таштардын негизги бөлүгү тазаланып, жол ачылган. Азыр жолдун туурасы 5 метрди түзөт. Жүк ташыган унаалар да өтүп жатат. Ал жердеги 3 ташты жардырууга компаниялардын баргысы келбейт экен. Буга чейин эки жолу ошол таштарды жардыруу үчүн тендер өткөрдүк, эч ким катышпай койду", - дейт Аттокуров.

Учурда аталган таштарды жардыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман "Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун Ой-Тал айылында ушул жылдын 24-апрель күнү көлөмү чоң таш түшүп, жолду бууп калган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жакшы тазаланбай жеңил унаа өтүп, бирок чоң жүк ташуучу унаалар өтө албай жатат", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүңөр эле жардыргыла да тендер өткөрүп отурбай эле
16.07.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сириядан келген бирөөнү таап алып барсаңар сүйлөшүп көндүрүп,ошол ташыңарды башыңарды жарып берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: