Өзбекстан эл аралык издөөгө салып, Орусияда кармалган Кыргыз жаранына жактоочу дайындалды

Өзбекстан эл аралык издөөгө салып, Орусияда кармалган Кыргыз жараны Талантбек Дехконовго жактоочу дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиядагы Кыргыз элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандын апасы Апиза Актураева бул маселе боюнча элчиликке 10-июлда кайрылган.
"Талантбек Дехконовдун Орусия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармалганы боюнча элчилик Башкы прокуратурага кайрылды. Кайрылууда анын кармалганынын себептерин жана эл аралык издөө боюнча Кыргыз жаранынын Өзбек тарапка өткөрүлүүсүнүн негиздерин маалымдоо өтүнүчү жазылган", - деп билдиришти тен.
Ал эми Апиза Актураевага уулунун учурдагы абалы боюнча жактоочу кеңеш берди.
"Учурда Актураеванын макулдугу менен уулуна жактоочу дайындалды. Талантбек Дехконов Өзбек органдары тарабынан чек арадан мыйзамсыз өткөнгө айыпталууда", - деп кошумчалашты элчиликтен.
Ошондой эле Талантбек Дехконов буга чейин Өзбек жараны болгону белгилүү болду.





1 |