super.kg logo
  Саясат  

Азимбек Бекназаров: “Мурдагы президенттердин балдары аймактарды башкарса, азыр шопурлары башкарып жатат”

 

“Мурдагы президенттердин балдары аймактарды башкарса, азыр шопурлары башкарып жатат”, - деди бүгүн, 17-июлда Туруктуу элдик кеңешинин курултайында саясатчы Азимбек Бекназаров.

Ал Кыргыз мамлекети парламенттик башкаруу өлкөсүнө өтпөгөнүн айтты. “Жогорку Кеңештин депутаты президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзам чыгаруу органына айланды. Бул жерде отурган депутаттардан кечирим сурайм. Бардыгы деп айтпайм. Атамбаев мурда жанында жүргөн жан сакчыларын, шопурларын, катчыларын КСДПга киргизип, чоң кызматтарга даярдап жатат. Биз депутаттарды, президентти алмаштырдык, бирок авторитардык режимди алмаштырган жокпуз”, - деди ал.

Мындан тышкары ал мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин бийлигин сындады. Учурда курултай өтүп, Бекназаров программасы менен тааныштырууда. Аталган кеңеш Бекназаровдун талапкерлигин президенттик шайлоого сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: