Азимбек Бекназаров 2010-жылы сот реформасын орнотууда жаңылыштык кетиргендерин билдирди
Бүгүн, 17-июлда Туруктуу элдик кеңешинин курултайында Азимбек Бекназаров 2010-жылы сот реформасын орнотууда жаңылыштык кетиргендерин билдирди.
“Сотторду тандап алуу укугун парламентке бергенбиз. Алар өздөрүнүн кишилерин дайындап жатышат. Ал эми укук коргоо органдары президенттин буйругун аткарып жатат. Саясатчылар жасалма токулган, жалган кылмыш иштери менен камалып жатат”, - деди ал.
Ошондой эле коррупцияны жоюу үчүн айлык-маянаны көтөрүп, ачык-айкын иштөөгө өтүү керек экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

