super.kg logo
  Саясат  

Роза Отунбаева: “Чек ара маселесин козгоп, коңшу мамлекет менен мамилени курчутканга акыбыз жок”

 

“Чек ара маселесин козгоп, коңшу мамлекет менен мамилени курчутканга акыбыз жок”, - деди бүгүн, 17-июлда Туруктуу элдик кеңештин курултайында экс-президент Роза Отунбаева.

Ал саясатчы Азимбек Бекназаровдун шайлоо алдындагы платформасында чек ара маселесин көтөргөнүнө кошулбай турганын айтты.

Алмазбек Атамбаев "Казакстанга чөгөлөсөм да аларга өтүп кеткен жерлерди кайтарам" деп айтты эле. Аны жасаган жок. Казакстандын президентине орден берди. Мына жардам катары 100 миллион доллар алып жатабыз. Назарбаев өлкөбүзгө мектеп салып жатат. Турмуш деген ушундай экен. Ошондой эле Кытайдын гранты менен жолдорду бүтүрүп жатабыз. Чек ара маселесин кайра козгоп, кошуналар менен мамилени курчутканга акыбыз жок. Казакстандан жакын эл жок деп жүрөбүз. Нураке кыргыз элине күйүп турат, ошондуктан мамилебиз жакшы болуш керек”, - деди Отунбаева.

Азимбек Бекназаров акыйкатты айта алган, бетке сүйлөгөн адам экенин кошумчалап Бекназаровдун президенттикке аттанууга убактысы келгенин баса белгиледи экс-президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: