super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: “Бийликчил саясатчылар шаан-шөкөт менен съезддерин өткөрүп жатат”

 

“Бийликчил саясатчылар шаан-шөкөт менен съезддерин өткөрүп жатат”, - деди Туруктуу элдик кеңештин курултайында экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Ал убагында көп ишти жасагандар бийликке келбей, бул жакта отургандарын айтты.

“Бийликчил саясатчылар бардыгы шаан-шөкөт менен съезддерин өткөрүп жатат. Кымбат автоунаалар менен келишет. Милиция кызматкерлери кайтарып жатат. Өз алдынча жүргөн саясатчылар болсо жөнөкөй курултайларды өткөрөт. Президентти тандоодо эки коркунуч бар. Коңшу мамлекеттер президенттикке өздөрүнүн кишилерин коюп башкарып жатат. Ошондой эле олигархтар талапкер болгону дагы коркунуч. Себеби алардын артында коңшуларыбыз Кыргыздарды башкарганга жеңил болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттүүлүктү коргойбуз дегендер түрмөдө отурат. Ал эми убагында мамлекетти өзгөртөбүз деп жүргөндөр - бизди басмырлагандар, бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрөбүз дегендерди камап жатат”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: