super.kg logo

Талас районунда "Жер-Үй" алтын кенинин каражатына дагы бир кичи футбол аянтчасы курулду

 

14-июлда Талас районундагы Арал айылында “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү үчүн лицензиядан түшкөн каражатка дагы бир кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Аталган жайга жергиликтүү элдин сунушу менен көп жылдар бою айылдагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген, маркум Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын ысымы ыйгарылды.

Буга байланыштуу спорт аянтчанын ачылыш күнү Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын үй-бүлөсү жана “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан кичи футбол боюнча атайын турнир уюштурулду. Оюнга Талас району менен Талас шаарынан 22 команда катышып, курч мүнөздөгү таймашта Манас айылынын “Кушубак” командасы биринчи орунга жетишсе, Талас шаарынын “Тамадалар” командасы экинчи, Арал айылынын “Арал” командасы үчүнчү байгелүү орундарга ээ болушту. Ал эми төртүнчү орунду Өмүралиев айыл өкмөтүнүн “Манас” командасы багындырып, кызыктыруучу сыйлыкка жетишти.

Оюндун жеңүүчүлөрү, уюштуруучулар жана Рахманаалы уулу Сүйүнтайдын үй-бүлөсү, достору тарабынан кубок, акчалай сыйлыктарды алышты. Мындан тышкары турнирдин чемпиону болгон “Кушубак” командасы “Альянс Алтын” компаниясынын кубогу, алтын медалдар менен сыйланышты. Ушундай эле күмүш жана коло медалдарга жеңүүчү деп табылышкан башка командалар да ээ болушту.

Ошондой эле эң мыкты дарбазачы, эң мыкты коргоочу, эң мыкты чабуулчу, эң мыкты насаатчы наамдары калыстар тобу тарабынан аныкталып, алар дагы “Альянс Алтын” компаниясынын акчалай байгелерине татыды.

Белгилей кетчү нерсе, бул “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү үчүн лицензиядан түшкөн каражатка курулган Талас районундагы 9-кичи футбол аянтчасы болуп калды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
17.07.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
С. Жапаровдун айтканы боюнча Жер уй кенинде 2миллиарддай $ кен байдык запастары бар деген. Аны Россиялык ишкерлерге Атамбаев 150 млн.$ саткан деп атышкан. Эми озубуз анализ кылалы. Атамбаев кетбесе болбой калды.
17.07.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спорт зал куруп берди деп? Алтындардын акчасын эсептегенде спорт комплекс куруп бергени бизге жугунду бергендей эле кеп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: