Кадамжайда кылкандуу эгин талаалары зыяндуу чегирткелерден дарыланды

Кадамжайда кылкандуу эгин талаалары зыяндуу чегирткелерден дарыланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдарали Асамидинов билдирди.
Маалым болгондой, район боюнча жалпы 3716 гектар аянт химиялык дарылоодон өткөрүлгөн. "Кадамжай районундагы эгин талааларына айдалган арпа, буудайларды зыяндуу чегирткелер басып кеткен эле. Бүгүнкү күндө бардык кылкандуу дан, эгиндер дарылоодон өткөрүлдү. Айыл аймактар боюнча бөлүнгөндө Ак-Турпак айыл аймагындагы 1000 гектар, Үч-Коргон - 700 гектар, Көтөрмө - 666 гектар, Марказ - 1000 гектар жана Кадамжай шаарында 350 гектар аянтка химиялык заттар себилип, зыяндуу чегирткелер жок кылынды", - дейт Айдарали Асамидинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rozhulun

17.07.2017. 15:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.