super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы туристтик сезондо тийиштүү органдарга жол коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты

 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров туристтик сезондо тийиштүү органдарга жол коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, туристтик сезон учурунда Ички иштер министрлигине жол коопсуздугу, кылмыштуулуктун санын азайтуу боюнча тапшырма берилет. Ысык-Көл облусуна коопсуздукту сактоо үчүн кошумча күчтөр жөнөтүлө турганын кошумчалады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Коопсуз шаар" долбоору "Таза коомдун" бир бөлүгү болуп эсептелет деди.

"Коопсуз шаар" ар кандай себептер менен ишке ашпай турат. "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу алкагында турабыз. Алгач Бишкектин эки көчөсүнө камера орнотулат. Андан соң республиканын бардык аймагына орнотулуп баштайт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: