Бишкек шаарынын айрым конуштарында 18-19-июлда жарык жана ичүүчү суу өчүрүлөт



Бишкек шаарынын айрым конуштарында жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында 18-19-июль күндөрү жарык жана ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз улуттук электр тармагынын" долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Акылбек Түмөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Чүй облусунун аймагында 2 долбоордун негизинде көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
“Азыркы убакытта 2 чоң долбоор ишке ашырылууда. Биринчи долбоордун алкагында “Кызыл-Аскер”, “Чыгыш” жана “Кара-Суу” көмөк чордону реконструкцияланды. Бюджети 11 миллион 183 миң евро болгон экинчи долбоор боюнча, биз трансформатор жана башка жабдууларды алып, акыркы 2 жылдын ичинде орнотуп жатабыз. Чүй облусунун аймагында 523 чакырым аралыкка электр өткөргүчтөрү өтөт, мындан улам Бишкек шаарынын аймактарында электр энергиясына чектөөлөр болуп жатат. Биз кыш мезгилинде баарын даярдап этап менен бардык чубалгыларды бүтүргөнбүз. Эми бул систем киргенде онлайн-режиминде кайсы жерде канча электр энергиясы кетип жатканын көрүп турабыз”, - деди ал.
“Кыргыз улуттук электр тармагынын” Чүй облустук филиалынын директору Таалайбек Ибраев долбоор боюнча Кемин-Чалдовар аралыгына кубаттуу электр чубалгылары тартылып жатканы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.
“Азыркы күндө Кеминден Бишкекке тартып келдик. Шаардын тургундары бир аз чыдаса, шаардан өтүп кетебиз. Жарыкты өчүрбөй туруп электр чубалгыларын алып өтүүгө болбойт, анткени булар жогору вольттогу чубалгылар. Ошондуктан жарыкты өчүрүүгө муктаж болуп жатабыз”, - деп кошумчалады Таалайбек Ибраев.
18-июль күнү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 19:00гө чейин өчүрүлө турган аймактар:
Алтын-Ордо конушу, Полициялык шаарча, Бишкек шаарынын Ботаникалык бакчасынын аймагында. Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылы (Матыев, Нурмамбетов, Үмөталиев, Арпачиев, Бишкек жана Сыргак көчөлөрү).
19-июль күнү өчүрүлө турган аймактар:
Алтын-Ордо конушу, Полициялык шаарча, Бишкек шаарынын Ботаникалык бакчасынын аймагында. Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылы (Күмүшалиева, Мадиев, Кыдыкеева жана Кийизбаева көчөлөрү).
