Бүгүн, 20-майда Жумгал жана Чаткал райондорунда 2 айыл өкмөттүн башчыларын кайра шайлоо болот
Бүгүн, 20-майда Чаткал районундагы Терек-Сай жана Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 15-апрелде, ал эми Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 25-апрелде болмок, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттарынын жетиштүү добушун ала албай айыл өкмөт башчылары шайланбай калган. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

