Санкт-Петербургдагы көлгө чөгүп кеткен адам Кыргыз жараны болуп чыкты
15-июлда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көлгө чөгүп кеткен адам Кыргыз жараны экени белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.
"Выборгск районунун иликтөө органынын маалыматы боюнча, каза болгон Кыргыз жараны Т.К.К. 1969-жылы 11-октябрда туулган. Учурда анын сөөгүн мекенибизге жеткирүү үчүн тиешелүү документтерди алуу маселеси каралууда", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Ошондой эле бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө болору баса белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.