super.kg logo

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат

 

Ушул жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы протокол күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 15-июлдан тартып Кыргыз жарандары Казакстандын аймагында 30 календарлык күнгө чейин милдеттүү каттоосуз жүрө алышат. Мурда мындай каттоо мөөнөтү 5 күн болчу.

Убактылуу жүрүү мөөнөтү, жарандын Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга барган күнүнөн баштап, миграциялык картасы же болбосо Казакстандын аймагына кирип жатканда чек ара көзөмөлү койгон белги боюнча эсептелинет.

"Кыргыз жараны Казакстандын аймагында 30 календарлык күндөн ашык жүргөн учурунда Казакстандын ИИМинде (барган жери боюнча каттоого туруу) каттоого туруусу зарыл. Кыргыз жарандары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө катталат жана ушунча мөөнөткө узартылышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Ушундай эле эрежелер Кыргыз мамлекетине кыска мөөнөткө келүүгө ниеттенген Казакстандын жарандарына карата да колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.07.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун
18.07.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда канча кун журсо болот экен
18.07.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылда эле казактар Ысык-Колдун сезонунда 30 кунго жылдырып алат.. сезон буткондо беш кунго жылдырып алат озулорунун пайдасына
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: