super.kg logo

Бүгүн депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда

 

Бүгүн, 18-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Отурумга Шыкмаматов жана аны менен бирге айыпталып жаткандардын бири, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору жана күбөлөр катышууда. Соттук отурумга күбө катары Эсептөө палатасына унааларды сатып алып берген "Би Старк" ортомчу фирмасынын менеджери Кубанычбек Нурманбетов көрсөтмө берип жатат.

Суроолорго жооп берип жатып, ал Шыкмаматовду Иманалиевдин иш бөлмөсүнөн тендерге чейин көргөнүн, бирок аны тендерге катышкан же катышпаганын эстей албай турганын айтты. "Тендерге чейин Жусуп Иманалиевдин иш бөлмөсүнө кирип, унаа сатып алуу боюнча сүйлөшкөнбүз. Ошол учурда Шыкмаматовду Иманалиевдин иш бөлмөсүнөн көргөм. Бирок тендерге катышканын же катышпаганын эстей албайм. Бирок кийин унааларды сатып алуу учурунда "Би Старк" фирмасынын короосунан көргөм", - деди Нурманбетов.

Ал "Би Старк" фирмасы бул тууралуу тендерге эки ирет катышып, экинчи тендерге чейин КИА үлгүсүндөгү унааларды сунуштап, бирок комиссиянын төрагасы сунушту четке какканын айтты.

.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: