ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков 47 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 18-июлда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулган. 1993-жылы Москвадагы Мамлекеттик техникалык университетинин «инженер-механик» факультетин аяктаган.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясын “Мамлекетти башкаруу менеджменти” адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 1994-жылы Кыргыз-Казак биргелешкен «ТриО-Б» ишканасынын Башкы директору болуп баштаган. 2000-2001-жылдары “Кыргыз-Дан-Азык” АКсынын Мүлк комплексинин директору, 2001-2005-жылдары “Кыргыз - Дан” ишканасынын Башкы директору болот. Андан кийин Кыргыз Республикасынын каржы министринин кеңешчиси, 2005-2010-жылдары эл аралык "Манас" аэропортунун коммерциялык иштер боюнча вице-президенти, Башкарманын төрагасы болуп иштеген. 2011-2015-жылдары “АККА Компаниялар тобу” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутат болуп келген.
18-июлдун жылнаамасы.

