super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков: "Бийликти байлык топтоого пайдаланууну токтотуу керек"

 

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы башталды. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибековдун талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

"Алдыдагы бир нече ай опурталдуу, тагдыр чечүүчү мезгил. Бир бийликтин ордуна экинчи бийлик келип, шапке менен папке алмаштыруудан башка аракет кылган жок. Элдин жашоосу күн сайын начарлоодо. Адистердин айтымында, карыз алууну азыркыдай темпте уланта берсек, 2 жылдын ичинде карызыбыз 8 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Бийликтин чоң кемчилиги профессионал кадрларды жээрип, иштей албаса да өзүнүн партиясынан кызматтарга коюп жаткандыгы. Президент эчак эле өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыгып, кошумча укуктарды өзүнө ыйгарып алган. Бийликти байлык топтоого пайдаланууга чек коюу керек. Сот системин адилеттүү деп азыр эч ким айта албайт. Биз бийликке келсек сот системин түп тамырынан өзгөртөбүз", - деди Келдибеков.

Келдибеков сөз эркиндиги оор абалда экенин, бийликке сын айткан ЖМКлар кысымга кабылып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: