Нарында эгиндерди зыяндуу чегирткелер каптап жатат
Нарын облусунун Жумгал районундагы жайыт жерлерди, арпа жана буудай айдалган аянттарды зыяндуу чегирткелер каптап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 13-14-июль күндөрү Куйручук айыл аймагынын 2500 гектар айдоо аянтын жана жайыт жерлерди зыяндуу чегирткелер каптоо коркунучу пайда болгон. Анын ичинен 6 гектар арпа жана 22 гектар буудай айдалган аянтты каптап, айыл-чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтире башташкан.
Жаңы-Арык айыл аймагында 260 гектар, Жумгал айыл аймагында 320 гектар, Баш-Кууганды айыл аймагында 480 гектар, Байзак айыл аймагында 380 гектар айдоо жана жайыт аянттарын зыяндуу чегирткелер каптап кетүү коркунучу бар.
"Аталган аймакка райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана Жарандык коргонуунун Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы жана Бишкек шаарынан жашылча өсүмдүктөрдү коргоо департаментинен 3 кызматкер, 3 даана атайын унаалар жана райондук айыл-чарба департаментинен 1 кызматкер тартылган", - деп билдиришти министрликтен.
Куйручук, Жаңы-Арык, Жумгал, Баш-Кууганды жана Байзак айыл аймактарынын айдоо аянттарында жана жайыт жерлеринде чегирткелердин көбөйүп кеткендигине байланыштуу, айыл-чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жаткандыгын аныктоо боюнча чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.
17-июлга карата Куйручук айыл аймагында 1170 гектар айдоо жана жайыт аянттарына уу химикаттарды чачуу иш-чаралары жүргүзүлгөнү маалым болду.
