super.kg logo

Тилегиңиздеги смартфонду кантип тандоо керек?

 

Заманбап смартфондор күнүмдүк жашообузда башкы жардамчыбыз болуп калды. Алар кандай гана маселелерди чечишпейт?! Смартфон бизди бардык иште: жумушта, окууда, айдоочулукта, эс алууда коштоп жүрөт жана керек болсо, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн анын жардамына кайрылабыз. SHOP.O.KG Интернет-дүкөн сиздин бардык керектөөңүздү канааттандырчу смартфон тандоого жардам берет.

Башкысы – сизге ылайыктуу операциондук тутумду: iOS же Android аныкташыңыз керек. iOS базасында Apple компаниясынын техникасы гана иштейт (iPhone, iPad, iPod). "Ай" муунунан турган продукциянын ээси болуу менен, сиз чагып кирүүдөн максималдуу корголгон сапаттуу түзүлүштөрдү аласыз, бирок тандамы аз жана гаджеттин баасы болушунча жогору. Android тутуму Google'га таандык жана каалаган бюджетке жана муктаждыкка жараша смартфондордун чоң ассортиментин сунуштайт. Бул операциондук тутум тууралоолордун максималдуу ийкемдүүлүгүн жана смартфонду файлдарды алып жүрүүчү катарында колдонуу мүмкүндүгүн сунуш кылат. Телефондун өлчөмү: чоң смартфондорду, балким, эки кол менен башкаруу талап кылышы мүмкүн экенин эске алыңыз. SIM-карта үчүн Cизге канча слот керек: экинчи слот түзүлүштүн эс тутумун microSD форматындагы карта менен көбөйтүү үчүн керек болот. Баса, айфон смартфондору бир сим карталуу экендигин эске алыңыз. Төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө да: процессорго, оперативдүү жана кошумча эс тутумунун көлөмүнө (канча көп болсо, ошончо жакшы, камерага, аккумулятордун көлөмүнө (андан смартфондун автономдуулугу көз каранды - мА*ч канчалык көп болсо, заряды узак болот) жана сөзсүз кепилдигинин бар экендигине көңүл буруңуз.

shop.o.kg сайт кириңиз, керектүү бөлүмдү тандаңыз, мисалы, "Мобильные телефоны". Тандоо критерийин киргизиңиз:

  • суммасын орнотуңуз, андан ашык сарптоону каалабасаңыз;
  • өндүрүүчүнүн маркасын (дароо бир нечени тандаса болот);
  • диагонал (андан телефондун көлөмү көз каранды);
  • камеранын параметрлери (негизги, фронталдык);
  • өңү (22 түрү);
  • эс тутум (тандамга 9 опция).

Сизге ыңгайлуу болуш үчүн shop.o.kg сайтында жаккан товарды "Избранное" кошсоңуз болот. Бул жазма китепчеси сыяктуу, ал аркылуу сиз кийин аны бат таба аласыз. Ошондой эле "К сравнению" функциясы да бар. Бул эмне дегенди билдирет? Элестетсеңиз, сиз телефондун 2-3 моделин тандадыңыз, бирок дагы эле билбей жатасыз – "К сравнению" функциясы сиздин алдыңызга товарлардын мүнөздөмөлөрүнүн салыштырма таблицасын ачып берет жана тандалган смартфондордун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин көз көрүнөө көрсөтөт. Жана да сайтта онлайн кеңеш берүүчүлөр бар, алар сизге кеңеш айтып, тандоо жасоого жардам берет.

Тилегиңиздеги смартфонду тандадыңызбы? "Купить в 1 клик" баскычын басыңыз.

Кыргызстандыктардын эң популярдуу смартфондорунун рейтингин бул жерден караңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: