super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Мага кимдин талапкер болушу эмес, "Ата Журттун" жеңиши маанилүү"

 

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

Ташиев азыркы бийликке жакпаган сөз айтып, чындык тарапта болгону үчүн "Ата Журттун" лидерлери камалып чыкканын эскертти. "Бийликтин бизди алсыздандыруу аракети ишке ашты, бирок биз күрөштү улантабыз. Бизден да катачылык кетти. Биз президенттик шайлоого 2 талапкер чыгарабыз, бул мага маанилүү эмес. Мага "Ата Журттун" жеңиши маанилүү. Мындан интрига издөөнүн кереги жок, шайлоого өзүбүздүн сценарий менен катышабыз. Биз шайлоого жөн эле катышпайбыз, биз сөзсүз жеңебиз", - деди Ташиев.

Ташиев партиялашы Ахматбек Келдибековду мактады. "Келдибеков мыктылыгын Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда көрсөткөн. Мага Келдибековдун эр жүрөктүүлүгү жагат", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: