super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров президенттик шайлоо тууралуу: "Бул жолу катуу күрөш болот"

 

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.

Жыйында Адахан Мадумаров президенттикке талапкер Темир Сариевге, Бакыт Төрөбаевге кайрылып буларды айтты:

"Бул жолку шайлоодо биздин ортобузда күрөш жүрбөйт. Адилеттик менен адилетсиздиктин, ыйман менен наадандыктын, өлкөнүн келечеги менен бүгүнкү баткакка батып турган күндүн күрөшү жүрөт. Биз бири-бирибиз менен күрөшүп абийир таппашыбызды, элди кыйынчылыкка батыра турганыбызды билишибиз керек. Күрөш катуу болот. "Силерди көрсөтүп шайлап койдук, калганын өзүӊөр билгиле" деп жамбаштап жатып алууга көнүп алдык. Бийликтин кемчилигин ар 6 жыл сайын айта берүүгө биздин убакытыбыз жетпейт, өмүр кыска. Жараткан маӊдайына жазса ушул жерде отурган талапкерлердин кимиси утса да мейли. Бирок бири-бирибизге карата коюнубуздагы котур ташты таштайлы. "Алты жылдан бери жасап келем, мындан ары да уланта берем" деген кара күчтөргө каршы бир муштумдай биригишибиз керек".

Сөз сүйлөгөн Темир Сариев талапкерлерге ийгилик каалады. "Көп сыноодон өттүңөр, алдыда дагы сыноолор турат. Мен да ал сыноого баратам, шайлоого таза баралы", - деди Сариев.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев: "Келдибеков да, Ташиев да менин агаларым. Оор сыноолордон өтүп, алдынкы саясатчыларга айланышты. Алдыда шайлоо, жаңы тарыхты бирге жазбайлыбы? Кудай буюрса, жеңиш биз тарапта болот", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: