super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Балаңызга кичинесинде канчалык мээрим төксөңүз, кийин ошончолук өзүнө ишенимдүү болуп чоңоёт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер" деген тема ачылып, анда жаңы гана эне статусуна ээ болгон айымдар менен алды 3-4 балалуу болуп калган энелер өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Темадагы ар кандай суроолорго берилген кеңештерден:

"Эне менен бала тууралуу илимий иш жазып жүрөм. Азыркы илимде эне канча эмизсе, эмизип отуруп канчалык мээримин төксө бала ошончолук акылдуу, мээримдүү болорун изилдеп жүрөм. Сиздин беш балаңыз бар экен, мени менен кичине убактыңызды бөлүшүп коё аласызбы" деп бир жаш келин жаныма келип калды. Кандай төрөгөнүмдү, канча эмизгенимди, кандай багып өстүргөнүмдүн баарын сурап жазып отурду. Анан ар бир баламдын кыял-жоругун, атасы экөөбүзгө болгон мамилелерин, баарын сурап, кийин да жолугуп жүрдү. Өзү медик, илимге кызыккан шаардык келин экен. Ар бир баламдын мүнөзүн изилдеп "эң мээримдүүсү үчүнчү уулуңуз экен" дегени бар. Чынында ал уулумду 5 жашына чейин эмизгем. Бала бакчадан келип "апа, биякка келчи" деп балдар бөлмөсүнө чакырар эле. Студент кайын сиңдилерим шылдыңдап күлүп калышчу, ошого деле кайыл болуп эмип кетер эле. Ошон үчүн баланы эмизип отурганда түмөн түйшүктү ойлобой, жаман нерседен арылып, бир гана балаңды мээримиңе чулгап, жакшы тилектерди тиленип эмизсең сүт менен кошо ошол мээрим кошо сиңет экен. Эмчегимде сүт жок деп жокко чыгарбай, аракет кылып балаңдын акысын толук берүүгө аракет кылуу керек. Жаш келиндерге айтарым, баланы эмизгенден кийин мүмкүн болушунча бир стакан сүт ичүүгө аракет кылгыла. Баланы канча эмизсең, ошончолук ден соолугуңа пайда. Эненин сүтүнөн бала өзүнө керектүү витаминдерди алып, керек болсо инфекцияга каршы күч топтой алат".

"Кызыңызды көп-көп кучактап, өпкүлөп "айым, күнүм" деп эркелете бериңиз. Кичинесинде канчалык мээрим төксөңүз, кызыңыз кийин чоңойгондо ошончолук өзүнө ишенимдүү болуп, ар кимден көңүл (внимание), мээрим, сүйүү издеп, көрүнгөндүн астына төшөлбөйт. Башкача айтканда, азыркы эркелеткениңиз кийинки чоң көйгөйлөрдүн алдын алат".

"Көтөрүп жүрүп чарчасаңыз, чарчаганыңызды айтыңыз. "Кызым, белим ооруп калды, кел эми минтели" деп көңүлүн башка нерсеге буруп алаксытыңыз. Эгер болбой эле чаңырып, жерге жатып "истерика" болсо, кыйкырбай-сооротпой жөн коюңуз. Өзү сооронот. Сооронгондо сизге келет же сиз барып аны кучактап, "ыйлаба, эмне керек экенин ыйлабай түшүндүрсөң, мен түшүнөм" деп акырын айтып, кучактап, өөп бир аз отуруңуз".

"Баланы таза кармаганыңыз жакшы, бирок дайым эле самын, крем колдоно бербеңиз. Самынды топуракка ойноп бүткөн соң, конокко, паркка, кыскасы, сыртка сейилдеп келгенден кийин пайдаланган жакшы го дейм. Теринин өзүнүн жупжука коргогуч май катмары бар, улам самындай берсеңиз анысы бузулат, анан кайра крем коюп убараланасыз. Менимче, баланы канчалык назик кармасаңыз, ошончолук үлбүрөй берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: