Депутат Шыкмаматовдун сотунда аудиторлор тендер мыйзам чегинде өткөнүн белгилешти

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматов башында турган үч адамга козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму өтүп, Эсептөө палатасынын аудиторлору менен мекемеге унаа сатып алып берген "Би Старк" ортомчу фирмасынын кызматкери көрсөтмө берди. "Би Старк" фирмасынын менеджери Кубанычбек Нурманбетов сотто Шыкмаматовду тендерге чейин жана унааларды сатып алуу учурунда көргөнүн айтса, Шыкмаматов анын айткандарын четке какты.
Шыкмаматов анын тергөөчү менен сот имаратында сүйлөшүп турганын айтып, эмне тууралуу сүйлөшүшкөнүнө кызыкты.
"Азыр сот имаратында тергөөчү менен сүйлөшүп турганыңды көрдүм. Эмнени сүйлөштүңөр?" деп суроо салды. Нурманбетов: "Буга чейин деле сотко келип, отурумга чейин сүйлөшкөнбүз. Болгону ал мага "коркутуулар болуп жаткан жокпу?" деген гана суроолор менен кайрылат. Андан башка деле эч кандай ашыкча сүйлөшпөйбүз" деп жооп берди.
Андан кийин Нурманбетов Шыкмаматовдун: "Тергөөдө берген көрсөтмөңдө менин унаамдын өздүк номурун так айтып бериптирсиң, кайдан алдың, кантип эсиңе сактап калдың?" деген суроосуна "мен унаанын өздүк номурун эч качан билбейм жана тергөөгө берген эмесмин", - деп жооп берди.
Андан кийин Эсептөө палатасынын аудитору Азамат Кангелдиев көрсөтмө берип, тендер мыйзам чегинде өткөнүн белгиледи.
"Тендерге Шыкмаматов катышканын же катышпаганын так айта албайм, бирок тендер мыйзам чегинде өткөн. Себеби эки компания катышып, аз акча сунуштаган компания утуп чыгып, унааларга көрсөтүлгөн суммадан ашыкча акча коротулган эмес. Анткени кийин бул боюнча маселе жаралган эмес, ашыкча акча коротулган болсо же мүчүлүштүктөр болгон болсо, жетекчилик тарап же аппарат тараптан айтылмак", - деди Кангелдиев.
Башка аудитор сатылып алынган 5 унаа сапаттуу болгонун жана анын баары азыр да пайдаланууда экенин белгиледи.
Сот башка күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу ишти 25-июлда кароо чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселге ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.
Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.
