super.kg logo

Экотехинспекция: “Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы мыйзамсыз иштерге барып жатат”

 

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбеков мыйзамсыз иштерге барып жатканын бүгүн, 18-июлда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтык абалынан пайдаланып, иштеп кеткен ишкерлерге одоно мамиле жасап, алардын эмгек китепчелерин бербей келген.

Субанбекова аттуу кызматкер “Гүлзар” бала бакчасында бир топ жыл эмгектенгенден кийин өз ыктыяры менен арыз жазып, жумуштан кеткен. Ал Дооронбеков тарабынан эмгек китепчеси берилбей жаткандыгынан кабар берген. Инспекция кызматкерлери текшерүүгө барганда, билим берүү бөлүм башчысы аларга орой мамиле жасап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кабинеттен кууп чыкканга чейин барган. Мыйзамга ылайык, эмгек китепчеси өз убагында берилбей калган учурда Эмгек Кодексинин 65-беренесинде “Кызматкерди бошотууда кызмат берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчеси өз убагында берилбегендиги үчүн, кызмат берүүчү эмгек китепчесин бербей кармаган ар бир күн үчүн кызматкерге ар күндүк орточо эмгек акысын төлөп берет” деп жазылган. Буга байланыштуу инспекция билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага Дооронбековдун кызматтык абалын көзөмөлдөө боюнча кат жолдоду", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми инспекторлор тарабынан аталган жаранга мыйзамдын талабын аткарбагандыгы үчүн 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: