super.kg logo

Шектүүнү кыйноого айыпталган милиция кызматкерлери 7 жана 8 жылга кесилишти

 

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Нарын райондук сотунун чечими менен Ат-Башы районунун ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы Б.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-пунктуна (кыйноо) жана 166-беренесине (алдамчылык) ылайык күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, анын мүлкү конфискацияланып, 3 жылга чейин белгиленген кызматтык орундарда иштей албайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ошондой эле милициянын айыл бөлүмүнүн жетекчиси К.Б. жана аталган РИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери К.О. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-пунктуна (кыйноо) ылайык, күнөөлүү деп табылышып, 7 жылга камакка алынышып, мүлктөрү конфискацияланып, 3 жылга чейин белгиленген кызматтык орундарда иштөө мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылышканы маалым болду.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2016-жылы 6-майда Нарын облусундагы УКМК башкармалыгына арыз менен Нарын районунун тургундары О.А., О.К. и Ж.Ж. кайрылышканы белгилүү болгон. Арызда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 120 миң сом сураган жогоруда аталган кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.

"Ошол эле күнү бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө, аталган милиция кызматкерлери арыз жазгандардын бири Ж.Ж. аттуу жаранды кылмышты моюнуна алдыруу максатында кыйноого алышканы белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында арыздануучу жеңил жаракат алганы аныкталган. Ал эми 2016-жылдын 17-июлунда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон", - деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
18.07.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура кылат!
18.07.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура кылыптыр
18.07.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура чечим.
18.07.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылат
18.07.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдан билесинер балким авторитет бироосун кармагандыр, анан ал таанышы куч болуп каматып ийгендир! Аттин 7.8 жыл деген оной эмес да
18.07.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shekeev969798, бул иш мурда суперге чыккан. Эч кандай авторитет жок эле карапайым бала
18.07.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой эл тушунбойтда, чынында кыйноого алынган баланын тааныштары же туугандары кучтуу чыкканго? Жон жерден УКМК кылмыш козгобойт,Прокуратура же СВБ МВД караш керек болчу. Менттерда конгонда байкуштарды уруп моюнуна алдырып, эми жообун тартсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: