super.kg logo
  Саясат  

"Ата Журт" Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди президенттикке аттантты

 

Бишкекте 18-июлда "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүүдө. Анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого партия лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги бекитилди.

874 делегат жашыруун добуш берүү ыкмасы менен бюллетень ташташты. Мунун 872си партия лидерлерин талапкер кылып бекитүүнү колдошту. 2 бюллетень жараксыз деп табылды.

Талапкерлер бир добуштан колдоп бергени үчүн делегаттарга ыраазычылык айтышты. Ташиев: "Биздин таянганыбыз эл, эл үчүн жарышка түштүк. Кыргыз мамлекети, кыргыз эли, кыргыз улуту үчүн өмүр бою кызмат кылууга милдеттүүмүн", - деди.

Курултай президиумунун төрагасы Курманбек Осмонов Ахматбек Келдибековдун президенттикке талапкер болушуна мыйзамдык чектөө жок экенин белгиледи.

"Оор кылмыш кылып, эркинен ажыратуу боюнча соттун өкүмү чыккан жарандын соттолду деген статусу жоюлбаса, президенттик шайлоого катыша албайт. Жазанын башка түрү боюнча сот өкүмү чыккандардын шайлоого катышууга толук укугу бар. Эл аралык нормалар да Келдибеков менен Ташиевдин талапкер болушуна жол берет", - деди Осмонов.

Аксакалдардын бири талапкерлерге ак жол каалап, бата берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: