super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарында жеңишке жеткенге бардык аракетин жумшайт

 
конференцияда Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын машыктыруучусу Валерий Березовский
Иран курама командасынын машыктыруучусу Амирхоссеин Перавани

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы 23 жашка чейинки оюнчулар арасында Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даяр жана жеңишке жеткенге бардык аракетин жумшайт. Бул тууралуу пресс-конференцияда Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын машыктыруучусу Валерий Березовский билдирди.

Анын айтымында, олимпиадалык курама команда аталган мелдешке биринчи жолу катышып жатканын айтып, атаандаштар жөнүндө кошумча маалымат берди.

Бул мелдешке биздин курама команда алгачкы жолу катышат. Ошондуктан күн сайын жоопкерчилик күчөп жатат. Футбол күйөрмандары биздин кураманын оюнун күтүп жана жеңишке жетерине ишенишет. Биздин даярдануу убакытыбыз атаандаштардыкына караганда аз болду, 1 жылдын ичинде бир эл аралык мелдешке гана катыштык. Бирок даярданууга бардык аракетибизди көрдүк, эми оюндун жыйынтыгы футболчулардын түшүнүгүнөн жана маанайынан көрүнөт. Атаандаштарыбыз жөнүндө айтып өтсөк, алардын деңгээли абдан жогору, Иран курама командасы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышса, Оман курама командасы Ислам тилектештик оюндарынын күмүш медалынын ээси, бул биз үчүн текшерүү”, - деди башкы машыктыруучу.

Иран курама командасынын машыктыруучусу Амирхоссеин Перавани футболчулардын даярдыгы жана машыгуу убактысы жөнүндө айтып берди.

Биздин курама команданын бул мелдешке физикалык жана моралдык жактан даярдыгы мыкты. Биз көптөн бери даярданып келе жатабыз. Жакшы оюн көргөзөбүз деп үмүттөнөм. Иранда биз жакшы даярданганга үлгүрдүк. Бишкекке 2 күн эрте келип машыгууларды өткөрдүк биздин абал жакшы. Жакшы машыгуу өткөрүш үчүн сапаттуу футболдук талаа керек. Бизге машыгуу үчүн берилген футбол талаасынын сапаты начар экен. Машыгуу убактысында менин эки футболчум жаракат алып калды”, - деди Амирхоссеин Перавани.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки футболчулары Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында "А" тайпасына кирип, Иран жана Оман курама командаларынын оюнчулары менен беттешет.

Кыргыз-Иран курамаларынын оюну 19-июлда саат 19:00дө орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каята болотекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: