ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: Мындан 79 жыл мурун биринчи жолу курулган кыргыз парламенти ишин баштаган
Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 18-июлда биринчи жолу курулган кыргыз парламенти ишин баштаган. Бул күнү Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши чогулуп, Кыргыз парламентинин ачылыш салтанаты аксакал депутат, чабан-стахановчу Көккөз Сопиевге ыйгарылган.
Салттуу ачылыштан кийин сессиянын күн тартиби бекитилип, анын регламентин тактоо жана төраганы шайлоо сыяктуу маселелер карала баштаган. Жогорку Кеңештин биринчи иш күнүндө парламенттин төрагалыгына Иван Боряка шайланган. Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында башында Төрөбай Кулатов турган кыргыз өкмөтүнүн курамы бекитилген.
18-июлдун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.