super.kg logo

Чех компаниясынын чуусу: ТИМ коомчулукка тараган кат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Liglass Trading CZ" компаниясы тууралуу коомчулукка тараган кат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Өлкөгө ГЭС кура турган чехиялык компаниянын тегерегинде чуу чыккан соӊ интернет желесине тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөновдун колу коюлган каттын көчүрмөсү тараган эле. Катта министрлик Кыргыз өкмөтүн, тагыраагы, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясын чехиялык инвестор - "Liglass Trading CZ" компаниясы менен келишим түзбөөгө чакырат. Каттын датасы 2017-жылдын март айы деп көрсөтүлгөн. Ушул жылдын 10-июлунда Кыргыз өкмөтү менен аталган компаниянын ортосунда келишимге кол коюлду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Тышкы иштер министрлигинин катынан кабары болбогонун ырастады. "Катты чын эле ТИМ жазганбы-жокпу такташ керек", - деп билдирди комитеттин маалымат кызматы.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына жогорудагыдай кат чын эле жазылганын тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. "Бул боюнча министрлик комментарий бербейт", - деген кыска жооп узатылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
18.07.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жегичтер!!!
18.07.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каалаганынарды кылгылачы, бир нерсени коргудой болуп калдынар озу силе!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: