ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: 79 жыл мурун СССРдин Эл артисти, кыргыз опера ырчысы Хусейн Мухтаров туулган

Советтик жана кыргыздын опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Хусейн Мухтаров арабызда болгондо 79 жашка чыкмак. Ал 1938-жылы 18-июлда Чүй районуна караштуу Кең-Булак айылында туулган. 1956-жылы вокалдан сабак ала баштайт.
1964-жылы Москвадагы консерваторияны аяктап келип, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болот. Жубайы, КРнын Эл артисти Эсен Молдокулова менен биргеликте концерттерде ырдап чыккан. Анын репертуарында М.Глинка, А.Бородин, П.Чайковский, С.Рахманинов, Г.Свиридов жана башка орус, украин, дунган, казак жана кыргыздын ырларын аткарган. СССРдин бир катар шаарларында жана Венгрия, Польша, Канада, Сирия, Тунис, Эфиопия, Йемен, Лаос өлкөлөрүнө гастролдоп барып, талантын көрсөткөн.
Мухтаров Хусейн 2001-жылы 5-мартта каза болгон. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
18-июлдун жылнаамасы.
