super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: 124 жыл мурун орус акыны Владимир Маяковский төрөлгөн

 

Мындан 124 жыл мурун, 1893-жылы 19-июлда 20-кылымдын улуу акындарынын бири, орусиялык Владимир Маяковский Кавказда жарык дүйнөгө келген. Акындын ырларын моряктар, жумушчулар жана аскерлер жатка билишкен. Жарандык согуштун оор жылдарында китептерди басып чыгарууга кагаз жетишпей, көптөгөн басмаканалар иштебей токтоп калган. Ошондо Маяковский мыкты сүрөтчү катары плакаттарды тартып, аларга өзү учкул ыр саптарын жазган.

Акындын поэмаларын, көптөгөн мыкты чыгармаларын миллиондогон адамдар сүйүп окушкан. Анын "Кантала" ("Клоп"), "Мончо" ("Баня") аттуу пьесалары Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлган. Маяковскийдин тынчтыкты, эркиндикти жана элдердин достугун жактаган ырлары көп тилдерге которулган.
Акын 1930-жылы 14-апрелде 36 жашында Москвада каза болгон.

19-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: