ӨКМ: "Сузактагы көрүстөндөрдү көчүрүү иштеринде 948 сөөктүн аты-жөнү такталбаган боюнча көмүлдү"







Жалал-Абад облусунун Cузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Акчалуу айылында көрүстөндөгү сөөктөр көчүрүлүп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көрүстөнгө жалпы 1100 адамдын сөөгү коюлганы аныкталып, 152 сөөктүн аты-жөнү такталган. Калган 948 сөөктүн аты-жөнү белгисиз бойдон көмүлдү. Жалпы 1100 адамдын сөөгү казылып алынып, көчүрүү иштери аяктады.
"Буга чейин Акчалуу айылында сел мүрзөнү бузуп кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам маркумдардын сөөктөрүн агызып кеткен учурлар катталган. Бул жайга 1900-жылдан 2008-жылга чейин адамдардын сөөктөрү коюлган. Көчүрүү иштери ушул жылдын 28-майында башталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, маркумдардын сөөктөрүн көчүрүүгө ӨКМдан 3 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.


1 |