"Liglass Trading CZ" ГЭС куруу долбоорунун тегерегиндеги маалыматтар боюнча билдирүү жасады
Чехиялык "Liglass Trading CZ" (LTD CZ) компаниясы Кыргызга ГЭС куруу долбоорунун тегерегинде чыккан маалыматтар боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу 19-июлда "Азаттык" жазды.
"Анда LTD CZ менчик фирмасы өнөктөштөрү менен бирге дүйнө боюнча кайра калыбына келип турчу энергия булактарына байланышкан долбоорлорго катышканы, Чехияда салык төлөп турганы, Liglass компаниясы менен мүлк же жеке байланыштары жок экени айтылат.
Компания бир жарым жылдан бери Кыргыз мамлекетинде иштеп келатканын, бул долбоорго инвестор катары GIDEPINVEST фирмасы менен өнөктөштүктө катышканын, ал фирма ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу боюнча өзгөчө Борбор Азиядагы ишмердиги менен белгилүү экенин жазат.
Ал эми каржылоо маселесине келгенде LTD CZ бул жагынан Green Capital жана Pantheon сыяктуу өнөктөштөрү менен энергетикалык долбоорлорду финансылоодо бай тажрыйбага ээ деп айтылат. Билдирүүдө Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорду каржылоого кепилденген булактары бар экени, буга чейин бир нече миллиондук инвестиция салганы, ал келишимдери коммерциялык сыр болуп саналары, долбоор ачык гана булактардан каржыланары белгиленет".
Ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган эле. Иш-чарага Кыргыз президенти жана жооптуу комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев катышкан. Көп өтпөй чехиялык ММКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышты. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланды.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына жогорудагыдай кат чын эле жазылганын тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеме комментарий берүүдөн баш тартууда.




1 |