Бишкектеги №47-абакта кичи футбол боюнча мелдеш өттү








18-июль күнү Бишкектеги №47-абакта кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чара Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Анда №47-абакта жазасын өтөп жаткандар арасында түзүлгөн 4 команда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.
Айта кетсек, Нельсон Мандела 1918-жылдын 18-июль күнү жарык дүйнөгө келген. Ал актар менен каралардын бирдей укуктары үчүн күрөшкөндүгү үчүн кезинде 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан. Адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгүнө байланыштуу 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда Түштүк Африка Республикасынын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматта 1999-жылдын 14-июнуна дейре отурган.




1 |