super.kg logo

Кытай бийлиги жарандарына WhatsApp мессенжерин колдонууга бөгөт коё баштады

 
Кытай бийлиги 18-июлдан тарта жарандарына WhatsApp мессенжерин колдонууга тыюу сала баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү мындай кадамга интернетке болгон көзөмөлдү жакшыртуу максатында барган. Кечээтен бери көптөгөн колдонуучулар бири-бирине WhatsApp аркылуу аудио жана видеофайлдарды жөнөтө албай, айрымдары текст менен билдирүүлөрдү жибере албай калышкан.
"Ушул жылдын күз айында Кытайда Коммунисттик партиянын 19-съезди болот. Андыктан бийликтин мессенжерге тыюу салуусу бул окуяга байланыштуу өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоого болгон аракети болушу мүмкүн. Мындан сырткары интернеттеги цензураны күчөтүүгө "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобонун камакта каза болгонуна байланыштуу талкуулар себеп болгондугу айтылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2009-жылы Кытайда Фейсбукту, 2014-жылы Инстаграмды колдонууга тыюу салышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.07.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Четинен эле тыю салып коюшуптур го. Ушакчы нерсе экен да бул ватсап деген немебиз. Айылдагы чон апаларыбыз да кенири суйлошушот. Апам ватсапты чыгарган кишилерге ыраазы болот, силердин амандыгынарды кундо угуп, коруп турам деп.
19.07.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kytaida jurgon dos tuugandar menen whatsapptan suiloshchu elek ,facebook az kalip ,emi whatsappka da bogot koiso kantet ,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: