super.kg logo
  Саясат  

Диктор болуп иштеген Тажик президентинин кенже кызы банктын директорунун орун басары болуп дайындалды

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кенже кызы Зарина Рахмон "Ориёнбанктын" директорунун орун басары болуп дайындалды. Банкты анын таякеси Тажикстандагы белгилүү ишкер Хасан Асадуллозода башкарат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Банктын документтеринде президенттин кызы бул кызматка 2017-жылдын башында дайындалганы айтылат. 23 жаштагы Зарина Рахмон мамлекет башчысынын 6-кызы. Ал британия колледжин бүтүргөн. 2010-жылы мамлекеттик телеканалда чет тилиндеги жаңылыктарды алып барып, дикторлук кызматта 2 айдан ашык иштеген.

Айта кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уул-кыздары өлкөдөгү жогорку жана жооптуу кызматтарды аркалап келет. Анын 39 жаштагы кызы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттик администрацияны башкарат. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп иштейт.

Ал эми президенттин уулу, 29 жаштагы Рустам Эмомали ушул жылы Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөнбү шаарына мэр болуп шайланган. Өлкө башчысынын дагы бир кызы Рухшона Рахмонова Тажикстандын Тышкы иштер министрлигиндеги жооптуу кызматта иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: