СУПЕР ТВ: Бишкектиктер сүйгөн ырлар







Ар бирибиздин жактырып угуп, саптарын так билбесек да ырдап жүргөн ырларыбыз бар. "Супер ТВ" бөлүмү бул ирет колдонуучуларыбызга дал ушундай ырлар тууралуу "Бишкектиктер сүйгөн ырлар" сюжетин тартуулайт. Сюжетте шаар тургундары сүйүп ырдаган ырларын аткарып беришкен. Тургундардын басымдуу бөлүгү классикага айланган кыргыз ырларын жактырышарын байкадык.
Шаардыктар арасында Какен Алмазбековго таандык "Нарындан жазган салам кат", акын Барпы Алыкуловдун "Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо", Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү", Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы "Айыл кечтери" жана Токтобек Асаналиевдин аткаруусундагы "Колхоз кечтери" ырлары популярдуулугун жоготпой келет. Ошондой эле Асылбек Өзүбеков, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Нурлан Насиптин да ырлары көп ырдалары белгилүү болду.
А сиз кайсы ырды жактырып ырдайсыз?
Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.


1 |