Аргентинада ченемден тышкары суук катталып, 6 киши каза болду
Аргентинада сууктан улам 6 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Неукен провинциясында -20 градус суукта 2 адам көчөдө уктап жатып көз жумган. Бир аял Аргентинанын түндүк-чыгышындагы Мисьонес провинциясында -5 градуста каза болгон. Ошондой эле Санта-Фе провинциясындагы Рафаэла шаарынын тургуну өзүнүн үйүндө 1 градус температурада дүйнө салган. Ал эми Кордова жана Ла-Плата шаарларындагы эки адам жылынам деп газга ууланып набыт болушкан.
"Июль айы Аргентинада эң суук ай болуп эсептелет. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып өлкөдө аномалдык суук катталган. Өткөн жекшембиде өлкөнүн башкы тоо лыжа курорту деп эсептелген Сан-Карлос-де-Барилоче шаарында тарыхтагы эң төмөнкү температура - 25,4 градус суук катталган. Ал эми борбор шаар Буэнос-Айресте мурда июль айындагы орточо температура 11 градусту түзсө, азыр 0,5 градуска чейин түшкөн. Өлкөнүн батышындагы аймактарга кар жаап, аба майдандарынын иши токтотулду", - деп айтылат маалыматта.



1 |