Айыл чарба министрлиги 225 трактор сатып алды
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги “Айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу каржылоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Минск трактор заводунан 225 трактор сатып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Учурда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 176 трактор лизинг түрүндө берилди жана техникаларды берүү иши улантылып жатат. Келишимди бекитүүдөгү банкттын шарттарына ылайык, лизингдин мөөнөтү 7 жылга созулат. Алгачкы төлөм – трактордун баасынын 10 пайызын түзөт, андан кийинки жылдык төлөмдөр 8 пайыздан 11 пайызга чейин өсөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
2

