Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы президенттик шайлоодо идентификация системиндеги кемчиликтер болбой турганын айтты

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев идентификация системиндеги кемчиликтер жоюла турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-июлдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, президенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.
"Борбордук шайлоо комиссия, жергиликтүү өз алдынча бийлик ар бир райондо жайгашкан штабдары менен биргеликте тизмени тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. БШКга биринчи тизмени 5-августта беребиз. Учурда тизмеден өзүн текшерүү үчүн 19 акысыз борбор иштеп жатат. Тиешелүү суроолор боюнча маалымат алса болот. Ошондой эле 119 номерине акысыз билдирүү жөнөтүп маалымат ала алат. Анда шайлоого катыша турган участокторунун дареги тууралуу маалымат берилет. Мындан тышкары 28-майда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон идентификация системи боюнча кеткен кемчиликтерди жоюу ишин алып барып жатабыз", - деди төрага.
Догоев биометрикалык каттоодон өтпөгөн жаран шайлоого катыша албай турганын эскертип, жарандарды каттоодон өтүүгө чакырды.
"Шайлоочу 2004-жылкы паспорттор менен шайлоо тизмесине кирет. Учурда миңге жакын жаран 1994-жылкы көк паспорт менен жүрөт. Алар Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-апрелден баштап жараксыз болуп эсептелет. Аны менен шайлоого катышууга жана мамлекеттик кызматка орношууга да мүмкүн эмес. 15-октябрда шайлоо күнү идентификация системи боюнча 9 500 оператор иштейт. Аларга 500 техника кызматкерлери жардам беришет", - дейт Дастан Догоев.





1 |