ЭЛДИК ВИДЕО: "Канчалык адамдарды жакындан билген сайын, ошончолук жаныбарларды жакшы көрүп баратам"




SUPER.KG порталынын "Медиа-Портал" бөлүмүнө "Иттин боорукерлиги адамдын ыйлагысын келтирет" деген видео жүктөлдү (ник: Latyshka).
Видеодо ак түстүү ретривер пародасындагы ит сууга секирип, ээсинин кыйкырганына карабай чөгүп жаткан чаарчыкты куткарат. Жандалбастаган кичинекей жаныбарды суудан чыгарган соң бир топко чейин ит андан айланчыктап алыстабай турат. Ээси итти атынан атап, кылган "эрдиги" үчүн аны алкап жаткан сөздөрүн угууга болот. Ит болсо чаарчыктын тирүү экенине ынаныш үчүн аны тумшугу менен түрткүлөп, боору ачыгандай кыңшылап түр көрсөткөнүн көрүүгө болот.
Белгилүү болгондой, окуя Нью-Йорк шаарындагы Жефферсон портунда орун алган. Иттин аты Шторм. Видеодо ээси 2 итин сейилдетип жүргөндө окуяга кабылганын көрүүгө болот. Ошондой эле итти "тарбиялаган" адам чаарчыкка алгачкы жардам көрсөтүү үчүн атайын куткаруу кызматын чакырган.
Видеону ар кайсы социалдык тармактарга колдонуучулар "Канчалык адамдарды жакындан билген сайын, ошончолук жаныбарларды жакшы көрүп баратам" деген сыяктуу сөздөр менен бөлүшүштү.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.

