Мамлекеттик каттоо кызматы 6 ай аралыгында 59 миң унааны каттоодон өткөргөн
Мамлекеттик каттоо кызматы 6 ай аралыгында 59 615 унааны каттады. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда аталган кызматтын төрагасы Дастан Догоев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, чет жактан келген транспорттордун саны 11 183кө жеткен.
“Катталган жана кайра катталган атайын технологиялык унаалардын саны 1 504кө жеткен. 17 890 унаа транспорт каражаттарынын эсебинен чыгарылган. Анын ичинен 114 унаа республиканын аймагынан чыгып кеткен. Бул мөөнөттүн аралыгында 106 875 даана номер берилген. Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгү 62 185 даана, берилген техникалык талондун саны - 64 862, 802 эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жана 772 тракторист-машинист күбөлүгү берилген”, - деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.