Талас. Таласта "Манас күнү" белгиленди
"Манас күнүнө" арналган иш-чаранын катышуучулары


"Манас күнүнө" арналган иш-чаранын катышуучулары

Манасчы Камил Мамадалиев эпостогу "Чоң казатты" айтып жаткан учур

Күндүн ысыгына карабай катышуучулардын саны арбый берди

Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн мектеп окуучулары түздү

Аталган иш-чараны жаш төкмө акындар ачып берди

"Манас күнүнө" арналган иш-чаранын катышуучулары

Майрамдык көрүнүш

Майрамдык көрүнүш

Иш-чарага тайганчылар да катышты

Мүнүшкөрлөр бүркүттөрүн талпынтып майрамга чоң даярдык менен келишиптир

Манасчы Замир Баялиев өнөрүн тартуулоодо

Добулбастын үнү кулак жарып, өткөн доорду көз алдыга тартып өттү

Майрамга келген коноктор минтип эстеликке сүрөткө түшүштү
18-майда Талас шаарындагы "Манас Ордо" комплексинде Манас күнү эл аралык деңгээлде белгиленди. Иш-чарага Казакстандан келген Баянгалый Алимжанов манасчы жана кытайлык манасчылар, ошондой эле кыргыз манасчылары Замир Баялиев, Камил Мамадалиев, Дөөлөт Сыдыков жана башкалар катышып, "Манастан" үзүндүлөр айтылды. Эске салсак, мындай иш-чара 3 жылдан бери белгиленип келет. Бул тууралуу манасчы, фестивалдын катышуучусу Замир Баялиев мындай дейт:
"Манас күнү 3 жылдан бери жылдан-жылга улам бир артыкчылык, өзгөчөлүк менен белгиленип келет, ал эми бул жылы коңшу өлкөлөрдөн да манасчылар чакырылып, эл аралык деңгээлде өтүп жатат".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
514947a

21.05.2013. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бололу, бир бололу улуу Манас урпактары, бүркүт-алгыр кушубуз,тайганыбыз, комуз, боз үйүбүз, дагы башкаларыбыз менен түгөл, аман бололу-кыргыз эли, эми кыргыз болууга аракет боло баштады, буга да топук кылалы. Антсе да кыргыз болуу кандай сонун, жана да кыйын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.