Орусияда Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн Кыргыз жараны 6 жылга соттолду
Орусияда Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн Кыргыз жараны 6 жылга соттолду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, соттолгон 36 жаштагы Л.Хакимов аттуу Кыргыз жараны 2015-жылы Астрахань шаарынын тургунун Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга үндөгөн. Ал ага тагылган айыптарды толугу менен моюнуна алып, тергөө менен тыгыз иштешкен.
Л.Хакимов багуусунда аялы жана 5 баласы бар экенин айтып, соттон кечирим сураган. Сот аны 6 жылга эркинен ажыратып, жазасын жалпы режимдеги абактан өтөй турганы белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Саткыла дагы паспортту намысы жоктор