Бишкекте жыл башынан бери миңден ашуун адам диний көз караштан улам баласын эмдеткен эмес
Бишкекте 2017-жылдын алгачкы алты айында балдарын профилактикалык негизде эмдетпегендердин саны 1857ни түздү. Алардын 1065и диний көз карашынан улам эмдеттирген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Бишкек шаардык иммунология борборунун жетекчиси Бурул Асыкбекова билдирди.
"1065и диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартышты, 368 киши вакциналардын сапатынан күмөн санаса, 43 киши убагында маалымат албай калышкан, калгандары себебин билдиришкен эмес. Мындай кырдаал түрдүү жугуштуу оорулардын чыгышына себеп болот", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.